Россиядан Кыргызстанга аскер дарыгерлери жардамга келди

Окуялар тизмеги 22 Июл 2020 09:35
0 ой-пикир

Коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Россиядан Кыргызстанга аскер медициналык кызматкерлер келди.

Медициналык кызматкерлерди Россиянын Коргоо министрлигинин атайын учагы «Кант» авиабазасына жеткирген. Атайын учак менен керектүү жабдыктар жана дары-дармектер да келген.

20 кишиден турган медициналык топ кыргызстандык аскер дарыгерлер менен бирге аскер кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана аскер ардагерлерине кеңеш жана практикалык түрдө жардам көрсөтөт.

Россиялык адистер өлкөнүн эки шаарынын госпиталдарында иштешет: төрт топ Бишкекте, эки топ Ош шаарында.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.