Кыргызстанга кайтпай турууга чакырабыз! Москвадагы элчилик мигранттарга кайрылды

Окуялар тизмеги 22 Июл 2020 11:41
0 ой-пикир

Кыргызстандын Москвадагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Россиядагы эмгек мигранттарына кайрылуу жасады.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу туруктуу авиакаттамдар ачыла электигин, чек аралар жабык турганын белгиледи. Мекендештерди чыдамдуу болууга чакырып, орус-казак чек арасына барбоого үндөдү.

Элчи мекенине тез арада кайтууга себеби жокторду кырдаал турукташканча кайтпай турууга чакырды.

Бүгүнкү күндө элчиликтин, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн сайттарында жана социалдык түйүндөрдө Россияда бош турган 4 миңден ашык жумуш орду тууралуу маалымат бар экенин айтты.

Элчиликтин маалыматына караганда, 20-марттан 20-июлга чейин Орусиянын 21 аймагынан 18 285 кыргыз жараны мекенине кайтты. Алар үчүн 74 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург, Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

Элчиликтин 2019-жылдагы маалыматына караганда, Россияда 1 миллион 200 миң кыргызстандык бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.