ИИМ: Мигрант кыздарга карата күч колдонууга чакырган видео териштирилүүдө

Окуялар тизмеги 22 Июл 2020 21:52
0 ой-пикир

Москвада башка улуттун өкүлдөрү менен жолугуп жүргөн кыргыз кыздарын жазалоого чакырган видео боюнча териштирүү баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, жакында ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлугү кыргыз диаспорасы менен жолугуп, мекендештеринин жогорудагыдай кайрылууларын токтотуу үчүн аракеттерди көрүүнү талкуулашат. Мекеме мекендештерин мессенджер жана социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды, анын ичинде улуттук маселелерге тиешелүү маалыматтарды кылмыш жоопкерчилигине тартылып калбоо үчүн таратуудан алыс болууга чакырат.

Эскерте кетсек, 21-июлдан бери интернетте Москвадагы кыргызстандык мигрант балдар топтолуп, кыргыз кыздар башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөнүн көрүп калышса аларга карата күч колдонууга чакырган видео тарап жатат.

Кыргызстандык укук коргоочулар жана активисттер ар бир адам өз жашоосу үчүн жеке өзү гана жооптуу экенин айтып, зомбулукка үндөгөн ошол мигранттарды таап жазалоону талап кылып жатышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.