Бишкекте соода түйүндөрдүн жана супермаркеттердин иштөө убактысы узартылды

Окуялар тизмеги 22 Июл 2020 13:47
0 ой-пикир

Бишкекте бүгүн, 22-июлдан тарта бардык соода түйүндөрдүн жана супермаркеттердин иштөөсү саат 21:00гө чейин узартылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койгон. 100 чарчы метрден ашык аянтты камтыган супермаркеттери, соода борборлор, үй, комплекстер жана соода түйүндөрү күн сайын саат 07:00дөн кечки саат 21:00гө чейин иштейт.

“Соода борборлорундагы тамактануучу жайлар иштебейт. Кафе, ресторан жана башка коомдук тамактануу жайлары саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин иштейт. Ошол эле учурда тамак-ашты үйгө жеткирип берүү кызматы санитардык нормаларды сактоо менен күнү-түнү иштей берет”, — деп айтылат маалыматта.

Коомдук транспорт мурункудай саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана кечки 17:00дөн 21:00гө чейин жүрөт. Ал эми базарлар эртең мененки саат 09:00дөн 17:00гө чейин иштейт.

Эскерте кетсек, борбор калаада көчөдөгү соода объектилери, батут, велосипедди ижарага берүү жана башка кызматтарга тыюу салынган. Ошондой эле тойкана, түнкү клуб, бар, караоке-клубдарга жана балдар аянтчаларынын ишине убактылуу чектөө киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.