Шайлоо-2020: БШК Сагынбек Абдрахмановго сотто утулду

Окуялар тизмеги 21 Июл 2020 13:37
0 ой-пикир

Бишкектин административдик соту Сагынбек Абдрахмановдун Борбордук шайлоо комиссиясына каршы жазган арызын карап, канааттандырган чечим кабыл алды.

Соттун чечимине ылайык, БШК эми Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДП партиясынын парламенттик шайлоого карата расмий өкүлдөрүн кайра катташы керек.

Эске сала кетсек, КСДП партиясынын айланасындагы эки тараптын соттук териштирүүлөрү аягына чыга элек болгондуктан, бул партиядан өкүлдөрдү каттабай туруу тууралуу чечим 13-июлдагы БШКнын отурумунда кабыл алынган. Ошондон кийин Сагынбек Абдрахманов сотко арыз жазган болчу.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт. Ага катышуу ниетин 44 партия билдирди. БШК азыр алардын документтерин текшерип, ошонун жыйынтыгына жараша ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.