Пандемия: Өкмөт ишкерлерди колдоого 4,2 млрд сом бөлдү

Окуялар тизмеги 21 Июл 2020 14:23
0 ой-пикир

«Ишкерлик субъекттерин каржылоо» Программасын ишке ашыруу үчүн коммерциялык банктарга 4,2 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Финансы министрлиги тарабынан 2,2 млрд сом жана Улуттук банкы тарабынан кредиттик аукциондор аркылуу 2 млрд сом бөлүнгөн.

Көрсөтүлгөн программа экономикалык жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирүүгө жана камсыздоого, коронавирус инфекциясынын жайылуу учурунда ишкердик субъекттерди колдоого багытталган.

Бул каражаттын алкагындагы 1,4 млрд. сомдук кезектеги траншты Финансы министрлиги 2020-жылдын 20-июлунда 8 коммерциялык банкка бөлүп берген.

«Айыл Банк» ААК 350 млн сом
«РСК Банк» ААК 350 млн сом
«Бакай Банк» ААК 210 млн сом
«Оптима Банк» ААК 200 млн сом
«Кыргызстан Коммерциялык Банкы» 120 млн сом
«Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» ЖЧК 120 млн сом
«Банк Бай Түшүм» ААК 30 млн сом
«Финанскредитбанк» ААК 25 млн сом

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коммерциялык банктар үчүн жалпы суммасы 840 млн сомго 2 аукцион өткөргөн, анын жыйынтыгы боюнча 6 коммерциялык банк ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө үчүн каражаттарды алышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.