Орус вакцинасын сынаган ыктыярчыларда коронавируска каршы иммунитет пайда болду

Окуялар тизмеги 21 Июл 2020 11:24
0 ой-пикир

Россияда вакцинаны сынап көргөн бардык ыктыярчыларда коронавируска каршы иммунитет пайда болду. Буга чейин Сеченов университетинде коронавирустун вакцинасын сынап көргөн ыктыярчылардын биринчи тобу 15-июлда, ал эми экинчи тобу 20-июлда үйүнө жиберилгени кабарланган.

Sputnik маалымат агенттиги жазгандай, вакцина сайдыргандан бир нече күндөн кийин алгачкы коргоочу иммундук система пайда болгон. Үч жумадан кийин иштелип чыккан иммунитет күчтүү деп саналып, ооруга туруштук бере алган.

Сеченов университетинин Дары-дармектерди клиникалык изилдөө борборунун башчысы Елена Смолярчук белгилегендей, эмдөөдөн кийинки иммунитет канчага чейин кызмат кыларын айтуу кыйын. Бул суроого илимпоздор клиникалык сыноолордун кийинки баскычынан кийин жооп бериши керек.

«Эгерде вакцина өзүнүн натыйжалуулугун далилдей турган болсо, каттоого алынат. Ошондой эле массалык изилдөө иштери башталып, көп кишиге вакцина сайылат. Аларды көзөмөлдөөнүн натыйжасында гана иммунитет канчага чейин жетерин так айтууга болот», — деген Смолярчук.

Эске салсак, 18-июнда Сеченов университетинде Гамалея улуттук эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан вакцинанын клиникалык сыноолору башталган. Ал сыноолор Россиянын Коргоо министрлигинин Бурденко атындагы ооруканадагы ыктыярчыларга дагы жүргүзүлгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.