Министрлик: Коронавирус жуктурган дарыгерлерге компенсация төлөнө элек

Окуялар тизмеги 21 Июл 2020 12:12
0 ой-пикир

Кыргызстанда коронавирусту жумушунда жугузуп алган медицина кызматкерлердин саны 2,5 миңге чамалады. Бирок мамлекет убадалаган компенсация аларга төлөнө электиги бүгүнкү брифингде белгилүү болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдиргендей 40 медкызматкерге 200 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөө каралып жатат.

«Бирок илдетти тастыктап, компенсацияны төлөп берүү үчүн эпидемиологиялык тактыктоочу документ, акт жана бир нече документтер керек болчу. Ошол эпидемиологиялык корутундулар ар бир медикке даярдалышы керек. Облустарда аны таблицага салып, жиберишкен. Ошондуктан ар бир медкызматкер боюнча өзүнчө документ даярдап берүү боюнча тапшырма берилди”, — дейт ал.

Кыргызстанда акыркы суткада 47 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 428 учур катталды, алардын ичинен 624 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Оору жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго 1 миллион сом кенемте төлөө тууралуу чечим өкмөттө май айынын башында кабыл алынган. 41 дарыгерге кенемте төлөнгөнү жатканы мындан бир ай мурда айтылган.

Ал эми каза болгон дарыгерлердин саны жана канчасынын үй-бүлөсүнө материалдык жардам төлөнгөнү тууралуу расмий маалымат жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.