Мэрия: Бишкекте ачылган убактылуу стационарлар 61 миңден ашуун адамды кабыл алды

Окуялар тизмеги 21 Июл 2020 13:21
0 ой-пикир

Бишкекте ачылган күндүзгү жана түнкү стационарларда 61 миңден ашуун адамга медициналык жардам көрсөтүлдү, — деп билдирет шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, убактылуу уюшулган стационарлар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

«20-июлга карата күндүзгү стационарлар 3 миң 538 адамды кабыл алган. Ал эми түнкү стационарларга 654 адам кайрылган», — деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан 20-июлга карата күндүзгү стационарлар 56 миң 939 адамды кабыл алган, алардын ичинен 42 миң 261и капельница алып, 14 миң 369 — дарыгердин консультациясын алды, ал эми 298 адам ооруканага жаткырылды.

15-июлдан бүгүнкү күнгө чейин түнкү стационарлар 4 миң 259 адамды кабыл алган, анын ичнен 2 миң 195не ийне сайылган, 2 миң 195 бейтап дарыгердин консультациясын алды, 15 адам ооруканага жаткырылды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.