Биринчи май райондук сотуна 9 судья дайындалды. Бир талапкер четтетилди

Окуялар тизмеги 21 Июл 2020 13:06
0 ой-пикир

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 10 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген материалдарды эске алуу менен КР Президенти судьялык кызматка 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берди.

Мамлекет башчы 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

Дайындалган 9 судья Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилди:

— Боромбаев Абдуразак Эсентаевич;

— Жаныбек кызы Венера;

— Исаева Кундус Кедейкановна;

— Каипов Эмилбек Өскөнбаевич;

— Калыбаев Алмаз Жээнкулович;

— Сатарова Айнура Мелисовна;

— Сыдыков Марат Райымбекович;

— Термечиков Мирлан Арстанбекович;

— Уметова Айгүл Таштанбековна.

Четтетилген талапкердин аты-жөнү жана себеби ачыкталган жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.