Россияда иштеген кыргызстандыктардан кезектеги жардам келди

Окуялар тизмеги 20 Июл 2020 19:29
0 ой-пикир

Россиядагы кыргызстандыктардан Бишкек шаарына дары-дармектер келди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, «Табарман» коому жана «Бакчы» соода комплекси каражат чогултуп, 524 миң рублга учурда зарыл болуп жаткан дары-дармектерди алышкан. Уюштуруучулук маселелерди, логистика жана транспорттук чыгымдарды Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өз мойнуна алган.

Шаардык муниципалитетке Кыргызстандык мекендештер жөнөткөн дары-дармектерди — 100 куту «Клексан», 100 куту «Гепарин» дарысын, 100 канюля жана бир жолу колдонуучу шприцтерди Кыргызстандын Россиядагы элчисинин коомдук кеңешчиси Тимур Саралаев өткөрүп берген.

Бишкек шаарынын мэриясы пандемия маалында жардам колун сунган мекендештерге ыраазычылык билдирет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.