Өкмөт COVID-19 жана пневмония боюнча статистиканы бириктирүү себебин түшүндүрдү

Окуялар тизмеги 20 Июл 2020 16:45
0 ой-пикир

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова айтымында, көптөгөн өлкөлөрдө ооруканадан тышкаркы пневмония COVID-19 боюнча жалпы статистикага киргизилбейт.

«2020-жылдын 17-июлунда Өкмөт COVID-19 жана пневмония боюнча статистиканы бириктирүүгө өттү. Коронавирустук инфекциянын белгилерин дарылоо боюнча бирдиктүү мамиле иштеп чыгууда Саламаттык сактоо министрлиги буйрук чыгарып, ага ылайык, лабораториялык жактан тастыкталбаган, бирок клиникалык вирустук этиологиялык белгилери бар ооруканадан тышкаркы пневмония —  U07.2. кодуна тийиштүү. Натыйжада статистикалык жактан ооруканадан тышкаркы пневмония COVID-19 бир көрүнүшү катары саналат», — деди Аида Исмаилова.

Статистиканы бириктиргенде COVID-19 инфекциясынан каза болгондордун саны кескин жогорулап кетерине карабастан, экөөнү бириктирүү чечими кабыл алды.

Аида Исмаилова натыйжада статистика бир нече себептерден улам бириктирилгенин белгилеп кетти:

  • Бул оорунун чыныгы масштабдарын көрүүгө мүмкүндүк берет;
  • Ошондой эле эпидемиологиялык абалдын мындан аркы өнүгүү моделин туура болжолдоого көмөк берет;
  • Эпидемияга каршы күрөштүн туура стратегиялык багытын иштеп чыгып, муктаждыктарды туура пландаштырууга жардам берет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 27 миң 143кө жетти. Илдеттен жалпы 13 миң 109 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1037ни түзөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.