Иранда коронавируска кабылгандардын саны 25 млн адамга чамалады

Аалам, Окуялар тизмеги 19 Июл 2020 10:27
0 ой-пикир

81 миллион калкы бар Иранда коронавирус жуктургандардын саны 25 миллион адамга чамалады. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Хасан Роухани Тегеранда кайрылуу жасады.

Роухани пандемия башталгандан бери 200 миңден ашуун адам ооруканаларга кайрылганын, 14 миңдей адам каза тапканын билдирди. Ооругандардын саны жакынкы айларда эки эсе көбөйүшү, бардыгы 30-35 миллиондой адам коронавирус жуктурушу мүмкүн деп күтүлүп жатканын белгиледи.

Хасан Роухани жаңы вирусту олуттуу коркунуч катары кабыл алууга үндөп, калкты оорудан сактануу чараларын көрүүгө чакырды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.