Кечээ, 18-июлда Ош шаарына Москвадан 153 кыргызстандык мекенине кайткан. Бул каттам менен ыктыярдуу түрдө 19 мекендеш — медицина кызматкери да учуп келген.
Аларды жергиликтүү бийлик жана шаардыктар салтанаттуу түрдө тосуп алышты.
Москвада жашап-иштеген кыргызстандык медиктер коронавируска жана пневмонияга каршы күрөшүүдө кесиптештерине жардам берүү үчүн ыктыярдуу түрдө келишкен.