Ошко Москвадан 153 жаран учуп келди. Арасында 19 мекендеш — медицина кызматкери бар

Окуялар тизмеги 18 Июл 2020 22:11
0 ой-пикир

Ош шаарына Москвадан 153 кыргызстандык кайтып келди. Арасында медицина кызматкерлери бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан келе турган жарандардын тизмеси Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлеринен, кыргыз диаспорасынын, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Ошондой эле бул каттам менен кыргызстандык кесиптештерине коронавирус жана пневмония ооруган бейтаптарды дарылоого жардам берүү үчүн ыктыярдуу түрдө 19 мекендеш — медицина кызматкери келген.

«Чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.