Жээнбеков: Азыр Кыргызстанда эки негизги маселе жанаша жүрүп жатат — коронавирус жана бийлик үчүн күрөш

Окуялар тизмеги 18 Июл 2020 19:43
0 ой-пикир

«Азыр сиздер көрүп тургандай, Кыргызстанда эки негизги маселе жанаша жүрүп жатат. Биринчиси — коронавирус. Ал абдан чоң маселе. Элибиздин, улуттун саламаттыгы. Экинчиси, бийликке болгон күрөш. Ал да өз күчүндө», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиосуна» курган маегинде.

Мамлекет башчысы азыр кээ бир саясий күчтөр коронавирустун кесепетинен жаралган жагдайды пайдаланып, саясий кырдаалды чайпалтып, саясий дивиденд алууга аракеттенип жатканын белгиледи.

«Менин Президент катары милдетим — коронавируска каршы күрөш, элдин саламаттыгын сактоо. Ушуга тете дагы чоң милдетим бар — бул саясий чайкоочулукка жол бербоо, коомдогу туруктуулукту сактап калуу. Менин шайлоо өтүшү керек дегеним да ошол себептен. Шайлоо аркылуу бийликке келишсин, каалаганы. Аны эл чечет. Эл кимди шайласа, алар келип Өкмөттү курасын. Ал ошол парламенттин укугу. Көчөдөгү саясий чайкоочулук, бет тырмачылык менен эмес, мыйзамдуу жол менен келишсин», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчысы ошондой эле азыркы кырдаалды түшүнүп тургандыгын белгиледи. «Көптөр өз жакындарын жоготту, бул абдан оор нерсе. Азыр эл абдан ачуулуу. Муну айрым саясатчылар элдин пайдасына эмес, өз кызыкчылыгына пайдалангысы келип жатат. Биз буга жол бербешибиз керек. Андыктан, мыйзамдуу жол менен бийликке келгиле, шайлоого катышкыла, эгерде шайлоодон утсаңар, келип Өкмөттү курагыла деп айтып жатам», — деп кошумчалады президент.

Мындан сырткары, ал өлкө жаштарына кайрылып, аларды кимдир бирөөлөрдүн колунда курал болуп калбоого чакырды.

«Жаштардын социлдык тармактардагы, деги эле саясаттагы активдүүлүгү жана жарандык активдүүлүгү — бул өлкө үчүн, биз үчүн жакшы көрүнүш. Жаштар биздин келечегибиз. Биз ачык өлкөбүз. Бир гана тилек, кандай гана күрөш болбосун, укук талаасында, өзүнүн гана эмес, башкалардын да укугун сыйлоо менен алып барылышы керек. Эч ким кимдир бирөөлөрдүн колунда курал болуп калбашы керек. Жаш мекендештериме менин каалоом ушундай», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.