Россия кийинки жумада Кыргызстанга коронавирустан айыктыруучу авифавир дарысын жиберет. Бул туурасында КРдин Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов билдирди.
Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги аталган вакцинаны өлкөгө ташып келүүгө уруксат берген.
Буга чейин кыргыз өкмөтү коронавируска даба болчу авифавир препаратын алуу боюнча Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы айтылган.
Авифавир — COVID-19дан айыктыруу үчүн россиялык окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан дары. Ал сыноодон ийгиликтүү өтүп, учурда адамдарга колдонулуп жатат.