«Реформа» саясий партиясы өкмөттү отставкага кетүүгө чакырды

Окуялар тизмеги 18 Июл 2020 17:55
0 ой-пикир

«Реформа»” саясий партиясы президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана өкмөт мүчөлөрүнө кайрылуу жасады.

Кайрылууда Кыргызстанда түзүлгөн эпидемиологиялык оор абалга бийлик ээлерин айыптап, алардын кайдыгер мамилеси, кырдаалды башкаруудагы алсыздыгы, адам жана каражат ресурстарын туура бөлүштүрө албаганы – учурда жүздөгөн адамдардын өлүмүнө себеп болуп жаткандыгы айтылат.

Эл башынан оор күндөрдү өткөрүп жаткан учурда эмгек өргүүсүнө кетип калган парламенттин депутаттарына кайрылып, өлкөнү кырдаалдан алып чыгууга күчү жете турган антикризистик өкмөт түзүү сунушталды. Ал эми премьер-министр Кубатбек Боронов жетектеген өкмөт мүчөлөрүн өз каалоосу менен кызматтан кетүүсү талап кылынды.

Мындан тышкары укук коргоо органдарына да кайрылып, шалаакылык менен эпидемиологиялык абалды күчөтүп жиберген, чыныгы маалыматтарды жашырган, кызмат абалынан пайдаланган мамлекеттик кызматкерлерди жоопко тартууну керектиги айтылды.

Белгилей кетсек, “Реформа” саясий партиясы жакында, жаңыдан түзүлгөн партия. Саясий бирикменин жетекчиси Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова. Курамында “#Reакция” кыймылынын мүчөлөрү, жарандык активисттер бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда, «Биринчи радиого» берген маегинде өкмөттү кетирүүдөн азыр пайда жок экендигин билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, азыр мүмкүн болушунча колдо болгон адамдык ресурстун баарын мобилизациялап, күчтү бириктирип, Өкмөткө жардам бериш керек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.