17-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча бюджетин бекитти. Кезектеги депутаттарды тандоого 446 миллион 900 миң сом сарпталмай болду.
Бюджетти өзгөртүүгө өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам чыгымдарды оптималдаштыруу аракети себеп болгону айтылды. Ошол эле учурда кайсы чыгымдар канча суммага кыскартылганы ачыкталган жок.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын сентябрында өкмөт парламенттик шайлоого 1,2 млрд сом бекиткен. Бирок, пандемиядан улам бюджеттин бардык беренелери кыскартылып, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого 560 млн сом коротуу каралган.
Жогоруда айтылгандай, Борбордук шайлоо комиссиясы чыгымдардын беренелерин чечмелеген эмес. Бирок, буга чейин мамлекеттик сатып алуулар порталында 21,1 миллион сомго тендер жарыялаган.
Конкурстук билдирмеге ылайык, ведомство аймактык шайлоо комиссияларынан участкалык шайлоо комиссияларына баннерлерди, таратма материалдарды, жабдууларды жана канцтоварларды ташуу кызматын сатып алууну пландап жатат. Парламент депутаты Жанар Акаев эпидемия учурунда дары-дармек жана аппараттар жетишпей жатканда мынча акчаны коротуу акылга сыйбаган иш экенин айтып чыккан.
Коомчулукта чоң талкууну жараткан БШКнын дагы бир чыгашасы нымдуу жана кургак аарчууларды (салфеткалар) сатып алуу. Бул үчүн сметада 1 миллион 514 миң 40 сом каралган. Тийиштүү кулактандыруу 29-июнда мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган.
Учурда коронавирус пандемиясы өлкөдөгү көп жылдан бери топтолуп келген көйгөйлөрдүн чыныгы жүзүн ачты. Алардын бири бюджеттик акчалардын ыксыз коротуу, сарамжалсыз пайдалануу. Дегеле, мамлекеттик мекемелер башынан эле чыгашаларын эсептөөдө бюджеттин каражатын үнөмдүү, максаттуу колдонууга багыттаса болмок демекчибиз.