Азыр шайлоо өткөрүү — бул жеткен акылсыздык жана акмакчылык, — Жанар Акаев

Окуялар тизмеги 10 Июл 2020 08:52
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко жана Жанар Акаев 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоону жылдырууну сунушташты.

Эл өкүлдөрүнүн айтымында, пандемиянын ушундай оор шартында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоону өткөрүү орунсуз болот. Депутат Жанарбек Акаев парламент төрагасы Дастанбек Жумабековду өлкөдөгү абалды талкуулаш үчүн Жогорку Кеңешти чукул жыйынга чогултууга да чакырып өттү.

Депутат парламенттик шайлоого бюджеттен 526 миллион сом, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө 21 миллион сом кетерин айтып, эпидемия учурунда дары-дармек жана аппараттар жетишпей жатканда мынча акчаны шайлоого коротуу акылга сыйбаган иш экенин белгиледи.

Акаев ошондуктан шайлоону башка убакытка которуш керек экенин, бул үчүн өлкөдө өзгөчө абал жарыяласа болорун айтты. Ал өзгөчө абалды коменданттык саатсыз жарыяласа болорун кошумчалады.

«Коменданттык саат киргизбестен өзгөчө абал жарыялоого мыйзам жол берет. Өзгөчө абал учурунда эч кандай шайлоо өтпөйт. Мыйзам боюнча шайлоого катышам деген партиялар август айында жыйынын өткөрүшү керек. Ушундай шартта, элибиз ооруканалардын алдында кулап жатса ким «Мага добуш берип койгула» деп айыл-апага барат? Бул жеткен акылсыздык жана акмакчылык болот», — дейт Акаев.

Азыр кайдагы шайлоо!

Азыр кайдагы шайлоо! Жылдыруу керек!Мамлекет жарым миллиард акчаны шайлоого эмес, элибизди сактоого, врачтарды колдоого сарпташы керек! А кырдаал тынчыганда убакыт келет, элибиз азыркыдай эмес, сапаттуу эл өкүлдөрүн, кубаттуу өкмөттү тандап алат. Мыйзамдуу жолун сунуштадым.

Posted by Janar Akaev on Thursday, July 9, 2020

Буга чейин оппозциядагы дагы бир депутат Рыскелди Момбеков эпидемия маалында шайлоонун мөөнөтүн узартып, жоопкерчиликти жеке өзүнө алууну президентке сунуш кылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.