ТИМ: Пандемия Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу зарылчылыгын көрсөттү

Окуялар тизмеги 17 Июл 2020 08:55
0 ой-пикир

Пандемия учурунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу зарылчылыгы пайда болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 16-июлда «Борбор Азия — Кытай» деп аталган видео-конференция болуп өттү. Онлайн жолугушууга Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын тышкы иштер министрлери катышты. Иш-чара расмий Бээжиндин демилгеси менен уюштурулгандыгы айтылат.

Конференцияда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосунда трансчекаралык жүк агымы үчүн үзгүлтүксүз, жөнөкөйлөтүлгөн “жашыл коридор” түзүүнү сунуштады. Пандемия шартында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу зарылчылыгы пайда болгонун белгиледи.

Жолугушууда ошондой эле COVID-19 апааты менен күрөшүүгө жана анын дүйнө жүзүнө жайылышын токтотууга тийиштүү маселелер талкууланды. Жыйынтыгында өз ара сооданы күчөтүү, кредиттик-инвестициялык кызматташууларды тереңдетүү зарыл деген пикирге келишти.

Кытай тарап Борбор Азиялык коңшуларынан жогорку сапаттагы жана органикалык азыктарды импорттоону кеңейтүү демилгесин кубаттады. Талкууда терроризм, экстремизм жана сепаратизм менен бирге күрөшүү макулдашылып, Ооганстандагы тынчтык процессинин маанисине да токтолушту.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.