Россияда иштеген кыргызстандыктардан гуманитардык жардам келди

Окуялар тизмеги 17 Июл 2020 11:13
0 ой-пикир

Бүгүн, 17-июлда «Авиатраффик» авиакомпаниясынын чартердик рейси менен «Новосибирск–Бишкек» каттамы боюнча 183 жаран учуп келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

«Аталган каттам менен жалпы суммасы 185 миң рублди түзгөн гуманитардык жардам келди, аны мекендештер жөнөтүштү», — деп айтылат маалыматта.

Чет мамлекеттерде жашап жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалаган кыргызстандыктарды алып келүү боюнча иштер улантылат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.