Кыргыз-Швейцариялык банкы “Клексан” дарысынын партиясын алып берди

Окуялар тизмеги 17 Июл 2020 09:05
0 ой-пикир

Кыргыз-Швейцариялык банкы Бишкек мэриясына “Клексан” дарысынын партиясын өткөрүп берди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук акциясынын алкагында каржы уюму борбор калаанын мэриясына 1 миллион 776 миң сом суммасына “Клексан” дарысынын партиясын өткөрүп берди.

Дээрлик 3 миң 220 инъекция шаардык саламаттык сактоо башкармалыгына тапшырылды, ал жактан дары-дармек №1, №6 шаардык ооруканаларына, №2 төрөт үйүнө жана шаар тургундары үчүн Свердлов жана Ленин райондорундагы күндүзгү стационарларга бөлүштүрүлдү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.