+96. Коронавируска кабылган медиктердин саны 2 миңден ашты

Окуялар тизмеги 16 Июл 2020 10:29
0 ой-пикир

Сутка ичинде өлкө боюнча 96 медкызматкер коронавируска кабылды. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 42, Чүй облусунда 18, Ош шаарында 7, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 5, Баткен облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 9 жана Талас облусунда 6 медкызматкер илдет жуктурду.

“Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2076 учур катталды, алардын ичинен 583 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, — дейт Акматова.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 12 миң 498ге жетти. Алардын ичинен 2076сы медицина кызматкери. Коронавирустан каза болгон медицина кызматкерлердин саны министрликтин маалыматы боюнча 6га жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.