Министрлик коронавирустан өлгөн дарыгерлердин санын ачыктады

Окуялар тизмеги 15 Июл 2020 13:56
0 ой-пикир

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алып каза болгон дарыгерлердин саны алтыга жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги тастыктаган маркум ак халатчандар төмөнкүлөр:

-Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси, 2-майда каза болгон 58 жаштагы Жүзүмкан Көкүмбаева;

-Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун дарылоо-кеңеш берүү бөлүмүндө фтизиатр болуп эмгектенип келген дарыгер, 2-июнда көз жумган 59 жаштагы Альберт Исмаилов;

— 30-июнда 70 жаш курагында жан берген Ички иштер министрлигинин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова;

— 6-июлда набыт болгон Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн башчысы 61 жаштагы Эдил Садыков;

— 7-июлда дүйнө салган Ош облустук жана шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары 62 жаштагы Артыкбай Эралиев;

— кечээ, 14-июлда көз жумган Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси, 55 жаштагы Айчүрөк Келдибекова.

Белгилей кетсек, бул расмий статистика. Журналисттер өз эсептөөлөрүнө таянып, коронавирустан жана пневмониядан каза болгон медицина кызматкерлеринин саны расмий статистикадан кыйла көп экендигин болжолдошууда. Мисалы, 2-июлда кайтыш болгон 59 жаштагы Ноокат аймактык ооруканасында көз жумган медайымдын аты-жөнү жарыяланган жок.

Жалпысынан COVID-19 Кыргызстанда 11 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1980и медицина кызматкерлери. Ооруга чалдыккандардын 576сы айыгып чыкты.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек. Учурда вирусту жугузуп алган жана бул оорудан кайтыш болгон медиктерге канча каражат төлөнгөнү ачыктала элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.