Бишкектеги түнкү стационарлардын иштөө убактысы өзгөрдү. Дагы бир күндүзгү стационар ачылды

Окуялар тизмеги 16 Июл 2020 14:58
0 ой-пикир

Бишкектеги түнкү стационарлардын иштөө убактысы өзгөрдү. Мурда алар саат 21:00дөн баштап иштей баштаса, эми 20:00дөн тарта бейтаптарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Калаанын 7-кичи районундагы ДСК спорт комплексинин имаратында жана Фрунзе / Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Консул» ресторанында ачылган түнкү стационарларда жалпы 220 орун даярдалган. Иштөө убактысы: саат 20:00дөн эртең мененки саат 8:00гө чейин.

Эки күндүн аралыгында түнкү стационарларга 683 адам кайрылган, 282сине укол сайылган, 397сине медициналык кеңеш берилсе, эки адам ооруканага жаткырылган. Тилекке каршы, эки адам каза болуп калган.

Ал эми күндүзгү стационарлардын саны көбөйдү. Буга чейин борбор калаа боюнча курч респиратордук вирустук инфекциянын жеңил жана оор формасы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 12 күндүзгү стационар иштеп келген.

Бүгүн Жал кичи районундагы №95 мектептин базасында дагы бир күндүзгү стационар ачылды. Мында 37 орун даярдалган. Кара-Жыгач конушундагы «Салтанат» ресторанын да стационар катары ачууга даярдыктар көрүлүүдө.

Бишкектеги биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча жарандарды кабыл алуу үчүн ачылган күндүзгү стационарлар саат 8:00дөн 20:00гө чейин иштеп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.