Бишкекке Новосибирсктен 205 кыргыз жараны учуп келди

Окуялар тизмеги 16 Июл 2020 18:53
0 ой-пикир

Кыргызстанга «Сибирь авиалиниясы» авиакомпаниясынын чартердик рейси менен «Новосибирск–Бишкек» каттамы боюнча 205 жаран, анын ичинде жаш балдар учуп келди.

ТИМдин маалыматына ылайык, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстанга кайтууга муктаж болгон КР жарандарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн. Алардын катарында кош бойлуу аялдар, жаш балдары бар аялдар, улгайган жарандар, медициналык операция жасаткандар, Россиянын Сибирь федералдык округунун ЖОЖдорунда окуган кыргызстандык студенттер бар.

Чет мамлекеттерде жашап жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалаган КР жарандарынын кайтып келиши боюнча иштер улантылат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.