Ыманберди Досбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы — акими кызматынан бошотулду.
Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, КРнын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык Эсеналы Ормоналиев Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды.
Тиешелүү буйруктарга премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон