Ошко Москвадан 198 кыргызстандык кайтып келди

Окуялар тизмеги 15 Июл 2020 11:45
0 ой-пикир

Бүгүн, 15-июлда «Москва – Ош» багыты боюнча «S7 Airlines» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен 198 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган атайын Комиссия тарабынан түзүлгөн.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.