Баткен облусуна 20 кычкылтек концентратору берилди

Окуялар тизмеги 15 Июл 2020 11:13
0 ой-пикир

Баткен облусуна 20 кычкылтек концентратору берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР өкмөтү тарабынан облустун саламаттыкты сактоо мекемелерине 20 кычкылтек концентратору берилди.

Бул аппараттар облустун район шаарларына муктаждыкка жараша бөлүнүп берилди. Буга чейин облуста 42 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат, 134 кычкылтек концентратору бар болгон.

Мындан сырткары, күн сайын коомчулук тарабынан кычкылтек концентраторун алып берген жарандардын катары көбөйүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.