Ошто дагы бир дарыгер коронавирустан каза болду

Окуялар тизмеги 14 Июл 2020 22:41
0 ой-пикир

Ош облусунун Ноокат районунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы Айчүрөк Келдибекова коронавирустан каза болду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.

Айчүрөк Келдибекова ушул жылдын 1-майында аталган борбордун жетекчиси болуп дайындалган. COVID-19 илдети менен күрөшүүдө алдыңкы катарда болуп, 100дон ашык бейтаптарды сактап калган. Иш убагында вирусту жуктуруп алып, 30-июнда ооруканага түшкөн. Абалы 5 күн мурун оорлошуп, 14-июлга караган түнү көз жумган.

Эске сала кетсек, буга чейин Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Эралиев Артыкбай коронавирустан каза болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.