«Кыргызстан гуманитардык катастрофага кабылды». Ассол Молдокматова Путинден жардам сурады

Окуялар тизмеги 14 Июл 2020 21:33
0 ой-пикир

Коомдук ишмер Ассол Молдокматова Россиянын президенти Владимир Путинге коронавирус менен күрөшүүдө кыргыз элине жардам берүүсүн суранып кайрылды. Ал өзүнүн видео билдирүүсүн Инстаграмдагы баракчасына жарыялады.

«Урматтуу Россия Федерациясынын президенти! Урматтуу Владимир Владимирович!

Мен Кыргызстандагы коомдук ишмер Ассоль Молдокматовамын. Сизден Кыргызстан элине жардам берүүңүздү суранам. Өлкөдө гуманитардык катастрофа болууда: медициналык жабдуулар, ИВЛ аппараттары, кычкылтек концентраторлору, дары-дармектер жана кесипкөй кадрлар жетишсиз. Россия айыгышкан душман — коронавируска каршы «Авифавир» дарысын иштеп чыгып, жеке коргонуу каражаттарынын өндүрүшүн уюштуруп, ооруканаларды куруп, чечкиндүү бөгөт койгонун билебиз.

Сизден Кыргызстандын элине жардам берүүңүздү өтүнөм. Өлкөдө каза болгондордун саны көп болууда. Кыйынчылыктарга туруштук бере албайбыз. Мен Сизден жардам сурайм», — дейт Молдокматова.

View this post on Instagram

МАКСИМАЛЬНЫЙ РЕПОСТ ! УВАЖАЕМЫЙ ГОСПОДИН ПРЕЗИДЕНТ РОССИЙСКОЙ ФЕДЕРАЦИИ ! УВАЖАЕМЫЙ ВЛАДИМИР ВЛАДИМИРОВИЧ ПУТИН! Я, ОБЩЕСТВЕННЫЙ ДЕЯТЕЛЬ КР АССОЛЬ МОЛДОКМАТОВА ПРОШУ ВАС ПОМОЧЬ НАРОДУ КЫРГЫЗСТАНА В СВЯЗИ С ГУМАНИТАРНОЙ КАТАСТРОФОЙ. НЕ ХВАТАЕТ МЕДОБОРУДОВАНИЯ, МЕДИКАМЕНТОВ, ПРОФЕССИОНАЛЬНЫХ КАДРОВ, ЗНАЮЩИХ НА ПРАКТИКЕ БОРЬБУ С COVID-19. В КР САМАЯ ВЫСОКАЯ СМЕРТНОСТЬ, НЕ ХВАТАЕТ СИЛ ПРОТИВОСТОЯТЬ . МЫ ЗНАЕМ, ЧТО РОССИЙСКОЙ ФЕДЕРАЦИИ УДАЛОСЬ ДОСТОЙНО ПРОТИВОСТОЯТЬ ЛЮТОМУ ВРАГУ — КОРОНАВИРУСУ, ВЫПУСТИВ ЛЕКАРСТВ АВИФАВИР, ЗАПУСТИВ ПРОИЗВОДСТВО СИЗ, ПОСТРОИВ БОЛЬНИЦЫ. ПРОШУ ВАС , ГОСПОДИН ПРЕЗИДЕНТ О ПОМОЩИ ДЛЯ НАРОДА КЫРГЫЗСТАНА С УВАЖЕНИЕМ, ГЛАВА ШТАБА ДОБРА АССОЛЬ МОЛДОКМАТОВА

A post shared by Assol Moldokmatova (@assol_moldokmatova) on

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.