ВИДЕО: Дары-дармектерди кымбат баада саткан алып сатарлар колго түштү

Окуялар тизмеги 13 Июл 2020 21:42
0 ой-пикир

Бишкекте дары-дармектерди кымбат баада саткан алып сатарлар кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынан (Финансы полициясы) билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, эл арасында суроо-талап көп болуп жаткан “Клексан” жана “Гепарин” дарыларын 2-3 эсе кымбат сатып жаткандар колго түшкөн.

“Аталган жарандарга карата (алып сатарларга) сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө, алардын иш-аракетине тиешелүү укуктук баа берилет. Дары-дармектерди кымбат баада сатып алып сатарлык кылган жарандарды учурдагы кырдаалдардан пайдаланып, адамдардын өмүрүнүн аркасы менен пайда табуудан алыс болууну эскертебиз. Кызыл кулактык кылган фактыларга бөгөт коюлат”, — деп билдирет Финпол.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.