Россияда иштеп жүргөн 45 дарыгер жана 20 медайым мекенине кайтып келет

Окуялар тизмеги 12 Июл 2020 13:02
0 ой-пикир

Бүгүн, 12-июлда Россияда иштеп жүргөн 45 кыргызстандык дарыгер Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу КРнын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ыктыярдуу түрдө мекендеги кесиптештерине жардам берүүнү каалагандардын арасында РФнын медициналык мекемелеринде иштеген 25 дарыгер жана 20 медайым бар: реаниматологдор, кардиологдор, эпидемиологдор, терапевттер жана медайымдар.

«Элчи Аликбек Жекшенкулов Кыргызстанга аттанып жаткан биздин медиктер менен 10-июлда жолукту. Алардын көпчүлүгү COVID-19 менен ооругандарды дарылоо тажрыйбасына ээ. Дарыгерлер медициналык кадрлардын жетишпестиги бар ооруканаларга дайындалат. Ыктыярдуу дарыгерлер Кыргызстандагы бейтаптарга өтө зарыл болгон дары-дармектерди алып кетишет. Дарыгерлер үчүн авиабилеттер демөөрчүлөр тарабынан сатылып алынды», — деп билдиришти элчиликтен.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 5-июлунда 26 адистер турган кыргызстандык медиктер өз ыктыярлары менен Бишкекке учуп келип, кесиптештерине жардам көрсөтүү үчүн Улуттук госпиталга жөнөтүлгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.