Сербия өкмөтү элдин нааразылыгынан кийин коменданттык саат киргизүүдөн баш тартты

Аалам, Окуялар тизмеги 11 Июл 2020 16:55
0 ой-пикир

Сербиянын өкмөтү карантин чараларынын кайрадан киргизилишине каршы эки күндүк демонстрациялардан кийин коменданттык саат киргизүүдөң баш тартты. Бирок эпидемияны токтотуш үчүн бир катар жаңы чектөөлөрдү жарыялады.

Өлкөнүн премьер-министри Ана Брнавич билдиргендей, COVID-19 илдети кайра күчөгөн Белград шаарында имараттын ичинде болобу же сыртында болобу 10 кишиден көп адам катышкан жыйындарга тыюу салынат.

Кечки саат 9дан таңкы 6га чейин жабык имараттарда иштөөгө болбойт. Парктар сыяктуу ачык асман алдындагы коомдук жайлар да түнкүсүн жабык болот.

Сербиянын баш калаасы Белградда эпидемияга байланыштуу кайрадан карантин киргизүүгө каршы акция 8-9-июль күндөрү өткөн. Полиция парламент алдында чогулгандарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.

Демонстранттар Сербиядагы экинчи ири шаар — Нови-Садда да көчөгө чыгышкан. Митингчилердин бир бөлүгү аймактагы мамлекеттик телеберүүнүн кеңсесин басып алууга аракет кылышкан.

Сербияда пандемиядан улам карантин март айында киргизилип, майда токтотулган. Өлкөдө 21-июнда парламенттик шайлоо өтүп, президенттин партиясы 60% добуш менен жеңген. Шайлоодон кийин эпидемиологиялык абал кескин начарлай баштаган жана буга байланыштуу коомчулукта бийликке доомат күчөгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.