Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго дагы бир кылмыш иши козголду

Окуялар тизмеги 11 Июл 2020 17:49
0 ой-пикир

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго карата дагы бир кылмыш иши козголду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлагандай, Ибраимов мэр болуп турганда парктардын курулуш иштеринде баалар жогорулатылган фактылар аныкталган.

«2017-жылы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун тушунда “Жаштар”, Фучик жана Кара-Жыгач парктарын оңдоп-түзөөгө жалпы 90 миллион сом бөлүнгөн. 2017-жылы 27-ноябрда Свердлов райондук админстрициясы менен жеке менчик ишканалардын бири 3 млн. сомдон ашык каражатка келишим түзөт. Андан кийин кошумча дагы 3 млн. сомдон ашык акчага келишим түзүлөт. Курулуштун баасы 652 миң сомго жогорулатылган жана ошол эле учурда 2 млн. сомдон ашык акчага гана жумуш жасалган», — деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

УКМК бул факт Жазык кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталганын кошумчалады.

УКМК 2020-жылы Бишкек шаарындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы аянты 11 гектарды түзгөн сейил багына 47 млн. сом сарпталганын белгилеп, ал эми 2017-жылы аянты 5 гектар “Жаштар” паркына 37 млн. сарпталганын белгилейт.

Белгилей кетсек, учурда Албек Ибраимов Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушундагы коррупцияга жана «Дастан» ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.