Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко жана Жанар Акаев 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоону жылдырууну сунушташты.
Эл өкүлдөрүнүн айтымында, пандемиянын ушундай оор шартында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоону өткөрүү орунсуз болот. Депутат Жанарбек Акаев парламент төрагасы Дастанбек Жумабековду өлкөдөгү абалды талкуулаш үчүн Жогорку Кеңешти чукул жыйынга чогултууга да чакырып өттү.
Депутат парламенттик шайлоого бюджеттен 526 миллион сом, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө 21 миллион сом кетерин айтып, эпидемия учурунда дары-дармек жана аппараттар жетишпей жатканда мынча акчаны шайлоого коротуу акылга сыйбаган иш экенин белгиледи.
Акаев ошондуктан шайлоону башка убакытка которуш керек экенин, бул үчүн өлкөдө өзгөчө абал жарыяласа болорун айтты. Ал өзгөчө абалды коменданттык саатсыз жарыяласа болорун кошумчалады.
«Коменданттык саат киргизбестен өзгөчө абал жарыялоого мыйзам жол берет. Өзгөчө абал учурунда эч кандай шайлоо өтпөйт. Мыйзам боюнча шайлоого катышам деген партиялар август айында жыйынын өткөрүшү керек. Ушундай шартта, элибиз ооруканалардын алдында кулап жатса ким «Мага добуш берип койгула» деп айыл-апага барат? Бул жеткен акылсыздык жана акмакчылык болот», — дейт Акаев.
Буга чейин оппозциядагы дагы бир депутат Рыскелди Момбеков эпидемия маалында шайлоонун мөөнөтүн узартып, жоопкерчиликти жеке өзүнө алууну президентке сунуш кылган.