УКМК: Атамбаев пневмониядан айыкты, ал бүгүн СИЗОго которулат

Окуялар тизмеги 09 Июл 2020 12:20
0 ой-пикир

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев пнемониядан айыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, дарыгерлердин консилиуму өтүп, анда экс-президентти тергөө абагына которуу чечими кабыл алынган. Атайын кызматтан кошумчалашкандай, ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмония менен ооруканага түшкөнү 30-июнда маалымдалган. Анын жакындары тергөө абагында ага ооруну атайылап жуктурушту деген билдирүү таратышкан.

“Фейсбукта” жарыяланган билдирүүдө «Биз, Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү ага ооруну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында атайылап жуктурушту деп ишенип жатабыз» деп айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.