Саламаттык сактоо министри жана анын орун басары ооруп жаткандыгы айтылды

Окуялар тизмеги 09 Июл 2020 11:00
0 ой-пикир

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаевдин саламаттыгы туурасында айтып берди.

Анын айтымында,ушул тапта министрликтин башчылыгы дарыланууда жатат. Алардын абалы канааттандырарлык.

“Сабиржан Абдикаримов жана Нурболот Үсөнбаев оорусу боюнча дарыланып жатат. Бирок азырынча коронавирусту тастыктаган анализдери чыга элек”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8847ни түзөт. Алардын ичинен 3053 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуккан 116 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.