Кыргызстанда айрым дары-дармекти экспорттоого тыюу салынды

Окуялар тизмеги 09 Июл 2020 11:10
0 ой-пикир

Кыргызстанда айрым дары-дармекти экспорттоого тыюу салынды. Бул тууралуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти маалымдады.

Маалыматка караганда, кыргыз өкмөтү пандемиялык кырдаалга байланыштуу айрым дары-дармектерди сыртка экспорттоого тыюу салуу жөнүндө токтом чыгарды. Зарыл дары-дармектердин жана медициналык жабдыктардын сыртка сатылбашын аталган департамент жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) көзөмөл кылат.

Белгилей кетсек, өлкөдө коронавирус инфекциясынын жана пневмониянын күчөгөнүнө байланыштуу айрым дары-дармектерге таңсыктык жаралып, баалары эселеп кымбаттаган. Бул коомчулуктун нааразылыгын жаратууда.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айынын ортосунда башталган. Ошондон бери коронавирус 8847 адамдан табылып, алардын 116сы кайтыш болду. Пневмония деген диагноз 3829 адамга коюлду, алардын ичинен 310 бейтап көз жумду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.