Депутат Иса Өмүркулов пневмонияга кабылды

Окуялар тизмеги 09 Июл 2020 11:51
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов пневмонияга кабылып, ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-июлда “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди.

 Анын айтымында, өпкөнүн сезгенүү оорусу (пневмония) менен жабыркап жатат. “Кудайга шүгүр жеңил формасы экен. Учурда абалым жакшы. Азыркы тапта дарыланып жатам”, — деп айтты эл өкүлү.  

Кыргызстанда учурда пневмония менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Бул диагноз менен март айынан бери 3829 адам ооруканага жаткырылды, алардын ичинен каза болгондордун саны 310 адамга жетти. Соңку бир суткада өпкөсүнөн кагынып, ооруканага жаткырылгандардын 134ү Бишкекте катталган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.