Кой-Таш окуялары боюнча сот кайрадан жылдырылды

Окуялар тизмеги 08 Июл 2020 12:01
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыр 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш иши боюнча отурум өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Мамлекеттик айыптоочу Эрнест Асакеев кабарлагандай, кайрадан отурумга айыпталуучулардын жактоочулары келбегендиктен жыйын 10-июлга саат 10:00 жылдырылган. «Андан тышкары, айыпталуучулар убактылуу кармоочу жайдан алып келинген эмес», — дейт прокурор.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.