Мурдагы саламаттык сактоо министри камалабы?

Окуялар тизмеги 06 Июл 2020 14:37
0 ой-пикир

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Финполдун тергөө бөлүмү экс-министрди үстүбүздөгү жылдын март айында ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында чакырган. Чолпонбаев министрликтин кызмат адамдарына карата “коррупция жана бир фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргогон” деген факт менен ачылган кылмыш ишинин алкагында сурак берери айтылды. 

Эскерте кетсек, Космосбек Чолпонбаев коронавирустун алдын алуу иштерин чабал аткарганы үчүн 1-апрелде кызматынан кол жууган.

Анын жеке жоопкерчилигин кароо Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Экс-министрдин шалаакылыгы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курчушуна алып келгендиги белгиленген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.