Экс-министр Космосбек Чолпонбаевдин жоопкерчилигин кароо сунушталды

Окуялар тизмеги 14 Апр 2020 11:57
0 ой-пикир

Мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жеке жоопкерчилигин кароо сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев эки тармактык комитеттин кошмо жыйынында айтты.

Парламентарийдын айтымында, экс-жетекчинин шалаакылыгы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курчушуна алып келди. Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктурган ар бир бешинчи бейтап медицина кызматкери.

«Дарыгер биринчиден өзүнө оору жуктуруп, андан кийин мамлекетке да зыян алып келип жатат. Ал оорулууларды дарылай албай калды. Бизде коронавирустан дагы шалаакылык өтө опурталдуу жана коркунучтуу.

Космосбек Чолпонбаевдин ишин аскер прокуратурасына берели. Ошондо жаңы министр, орун басарлары да чуркап иштейт», — деп сунуштады Иманалиев.

Белгилей кетсек, Космосбек Чолпонбаев саламаттыкты сактоо министри кызматынан 1-апрелде бошотулган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.