Алтынай Өмүрбекова менен Космосбек Чолпонбаевдин кызматтан алынышынын себептери айтылды

Окуялар тизмеги 02 Апр 2020 19:41
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде кол койгон Жарлыкка ылайык, вице-премьер-министр Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна жана Саламаттык сактоо министри Чолпонбаев Космосбек Сариевич кызматтарынан бошотулган.

Аталган Өкмөттүн мүчөлөрү эмнеге алынганын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы түшүндүрмө берди:

«2020-жылдын 27-январынан 31-мартына чейинки аралыкта Коопсуздук Кеңеши беш ирет отурум өткөрүп, аларда коронавирустук инфекциянын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүн алдын алууга багытталган чечимдер кабыл алынган.

Коронавирустук инфекциянын өлкөнүн аймагына кирүүсүн болтурбоо боюнча мамлекеттик органдардын ишмердигин координациялоо жана ыкчам чечимдерди кабыл алуу максатында Коопсуздук Кеңешинин 2020-жылдын 27-январындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Республикалык штаб түзүү сунушталган.

Республикалык штаб вирусту өлкө аймагына киргизбөө жана анын жайылышын болтурбоо боюнча тийиштүү чараларды өз убагында көргөн эмес жана көзөмөлдөгөн эмес.

Вице-премьер-министр А.С.Өмүрбекованын жетекчилигиндеги штаб бардык адистештирилген лабораторияларды, анын ичинде мобилдүү лабораторияларды уюштуруп, аларды зарыл болгон ПЦР-тесттердин запасы жана аларга керек болгон материалдар менен камсыздашы керек болчу.

Бул иштер аткарылган эмес. Узак убакыттан бери коронавирус илдетин аныктоо үчүн болгону эки гана лаборатория иштетилип, кийин дагы үчөө кошулган.

Бүгүнкү күндө, тиешелүү сунуштамалар берилгенден кийин, иштеп жаткан лабораториялардын саны 10го жетти.

Үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында реагенттердин жана тест-системалардын баасы минималдуу эле. Пандемия жарыяланган күндөн баштап, суроо-талап жогору болгондуктан, алардын баасы үч эсеге кымбаттаган.

2020-жылдын январында вирусологдор менен лаборанттар Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилерине, анын ичинде министр К. С. Чолпонбаевдин дарегине коронавирус жуктуруп алгандарды аныктоо жана алардын анализдерин алуу үчүн тест-системаларды алуу зарылдыгы боюнча бир нече жолу кайрылышкан. Бирок, алардын кайрылуулары этибарга алынган эмес.

Жыйынтыгында, азыркы күндө лабораториялардын ишин камсыз кылуу үчүн керек болгон материалдарды жеткирүү боюнча иштер ар кандай ыкмалар менен авралдык режимде жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, коронавирустук инфекция республиканын аймагына кире элек мезгилде эле Коопсуздук кеңешинин чечими менен Республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлигине төмөнкүлөр сунушталган:

  1. 2020-жылдын 30-январына чейин жаңы коронавирустун Кыргыз Республикасынын аймагына жайылышын болтурбоо максатында тыкыр иш-аракеттер планын иштеп чыгуу, ал план КЭР жана инфекция жуккан учурлар катталган өлкөлөрдөн келип жаткандар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы коронавирусту жуктуруп алган учурлар аныкталганда көрүлө турган кечиктирилгис чаралар камтууга тийиш.
  2. Жаңы коронавирустун калк арасында жуккан учурларын өз убагында аныктоо жана андан ары жайылуусуна жол бербөө максатында бардык кызыкдар болгон мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташтыкта күнү-түнү бардык деңгээлде курч респиратордук вирустук инфекцияларга чалдыктырган илдеттерге мониторинг жүргүзүү;
  3. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен тыгыз кызматташтыкта мамлекеттик чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы санитардык-эпидемиологиялык жана миграциялык көзөмөлдү, анын ичинде аба, автомобиль жана темир жол транспорту объектилериндеги көзөмөлдү күчөтүү;
  4. Бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарын жаңы коронавирус жуккан учурларды аныктоо жана андан коргонуу үчүн зарыл болгон бардык каражаттар менен, анын ичинде стационардык жана портативдик тепловизорлор менен жабдуу;
  5. КЭРден жана эпидемиологиялык абалы начар делинген башка өлкөлөрдөн келип жаткан жарандарга алардын жашаган дареги боюнча милдеттүү медициналык текшерүү болушун камсыздоо;
  6. Республикада эпидемиологиялык абал начарлап кете турган болсо медициналык мекемелердин калкка зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даярдыгын камсыздоо;
  7. Тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы эпидемиологиялык максаттагы иш-чараларга катышууга тартылган медициналык кызматкерлерди алардын керектөөлөрүн эске алуу менен химиялык-биологиялык коргонуунун атайын каражаттары менен камсыздоо;
  8. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри К. С. Чолпонбаев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарын ыкчам тартипте жеке өзү барып, алардын жаңы коронавирустун жайылышын болтурбоо боюнча эпидемиологиялык талаптарга шайкеш келүүсүн, анын ичинде техникалык, материалдык жабдылышын жана медициналык кызматкерлер менен камсыздалышын инспекциялап келүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин ар бир отурумдарында ишке тартылган бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине сунушталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал үчүн жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы жөнүндө бир нече ирет эскертилген.

Анткен менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова жетектеген Республикалык штабдын ишмердигинин тийиштүү деңгээлде уюштурулбагандыктан, мамлекеттик органдардын иши жетиштүү координацияланбай, зарыл болгон чечимдер өз убагында кабыл алынбагандыктан, саламаттык сактоо министри К. С. Чолпонбаевдин ага тагылган кызматтык милдеттенмелерине жоопкерчиликсиз мамиле кылгандыгынан улам бир катар ири катачылыктарга жол берилип, мунун натыйжасында коронавирустук инфекцияга кабылган адамдар өз убагында аныкталбай, толук айыкканга чейин обсервацияга жаткырылган эмес.

Коопсуздук Кеңешинин 2020-жылдын 31-мартындагы акыркы отурумунда саламаттык сактоо министри Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоого багытталган алдын-алуучу иш-чараларды уюштуруудагы жана жүзөгө ашыруудагы кемчиликтерин мойнуна алды.

Буга чейин эле Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн отчеттору менен баяндамаларында көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө реалдуу ишмердикти чагылдырбаган маалыматты берип келген.

Андан ары, өлкө аймагынан биринчи жолу коронавирус инфекциясы аныкталганда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында вирустун жайылып кетишине жол бербөө боюнча бир катар кошумча чараларды көрүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Саламаттыкты сактоо министрлигине зарыл болгон медикаменттер жана каражаттардын запасын, анын ичинде жеке коргонуу каражаттарын (коргоочу костюмдар, беткаптар, колкаптар, дезинфекциялоо каражаттары, реагенттер ж. б.) алуу тапшырылган.

Бирок, Коопсуздук кеңеши тарабынан сунушталган иш-чаралардын көпчүлүк бөлүгүн ишке ашыруу жыйындарды өткөрүү менен гана чектелип калган.

Вице-премьер-министр А.С.Өмүрбекованын жетекчилигиндеги штабдын кабыл алган чечимдери республиканын облустары менен райондоруна өз маалында жеткирилген эмес.

Алардын аткарылышын көзөмөлдөө болгон эмес.

Мунун натыйжасында облустук штабдардын ишин координациялоонун болбогондугу өлкө аймагындагы реалдуу кырдаалга баа берүүгө таасирин тийгизген.

2020-жылдын январь айындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында эле ишке тартылган кызматтардын врачтарын жана республика калкын зарыл болгон көлөмдө медициналык беткаптар менен камсыздоо тапшырылган.

Бирок, Республикалык штаб тарабынан бул тапшырма өз маалында аткарылган эмес.

Мунун натыйжасында бул медициналык каражатка дароо таңсыктык пайда болуп, эл арасында ажиотаж жаралды.

Андан кийин, коронавирус илдетинин өлкө аймагына кирип кетишинин алгачкы фактылары катталганда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында вирустун жайылышын алдын алуу боюнча кошумча бир катар чараларды көрүү боюнча чечим кабыл алынган.

Буга карабастан, Республикалык штабдын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилери тарабынан, мурдагыдай эле, вирустук инфекциянын андан ары таркап кетишине жол бербөө боюнча чаралар формалдуу көрүлгөн.

Алардын жоопкерчиликсиз мамилеси Кыргыз Республикасында түзүлгөн кырдаалдын, коомчулуктун нааразычылыгынын жана көйгөйлөрдүн келип чыгышынын себеби болуп калды.

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери киргизилген айрым райондордо санитардык-карантиндик посттордун иши абдан начар уюшулган.

Айрым посттор тепловизорлор менен камсыздалган эмес, алардын ишине тартылган кызматкерлерге жеке коргонуучу каражаттар берилген эмес.

Мисалы, Казакстан Республикасында Кыргыз Республикасынан барган жарандан оору табылганда, КР Саламаттыкты сактоо министрлиги бул жаран менен контакт болгондорду ыкчам издеп табуу үчүн маалыматтарды алуу боюнча жетиштүү чараларды көргөн эмес.

Министр К. С. Чолпонбаевге жеке өзүнө берилген бир канча тапшырмаларга карабастан, бул жумуш андан кийин деле аткарылган эмес.

Укук коргоо органдарынын жана жер-жерлердеги саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин аракеттери менен гана оорулуу адам менен түз контакт болгондор аныкталып, обсервацияга киргизилген.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С. Өмүрбекова жана саламаттыкты сактоо министри К. С. Чолпонбаевдин өз милдеттерине болгон жоопкерчиликсиз мамилесине байланыштуу мамлекеттик органдардын коронавирус илдетин өлкө аймагына киришин алдын алуу боюнча жүргүзгөн жумушу натыйжасыз болгон. Учурда бул ишке аргасыздан кошумча күчтөр тартылып, финансы каражаттары изделип жатат.

Бардык жогоруда көрсөтүлгөн фактылар Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык абалга терс таасирин тийгизип, ооруну жуктуруп алган жарандардын санынын өсүшүнө алып келди.

Натыйжада, Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 31-мартындагы акыркы жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине коронавирустук инфекциянын өлкөнүн аймагына киришин жана андан ары жайылышын болтурбоо боюнча жетишсиз иш жүргүзгөн КР Өкмөтүнүн тиешелүү мүчөлөрүнө карата чара көрүү сунуштамасы берилген».

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.