Катар Кыргызстанга 420 кычкылтек концентраторун жиберет

Окуялар тизмеги 06 Июл 2020 17:15
0 ой-пикир

Катар Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 420 кычкылтек концентраторун жиберет.

Бул тууралуу тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен Катардын элчиси Абдулла бин Ахмед Ас-Сулаитинин жолугушуу учурунда белгилүү болду. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына каршы биргелешкен аракеттер талкууланды.

Катардын элчиси кыргыз тараптын өтүнүчүнө жооп катары 420 кычкылтек концентраторун берүү чечими кабыл алынгандыгын, алар жакын арада Бишкекке жеткириле тургандыгын билдирди.

Өз кезегинде Нуран Ниязалиев Катар өлкөсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-катар мамилелерин чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.