Кыргыз эстрады жылдызы Кайрат Примбердиев өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга байланыштуу “Жетишет” аттуу жаңы чыгарма жаратканын жарыялады.
«Ыр — автордук чыгарма. Түнү менен уктабай жаздым. Аягына чейин көңүл буруп укканыңыздарга рахмат!” » — дейт ырчы.
Аталган чыгарма бийликтегилерге карата жазылып, шайлоодо өлкөнүн тагдыры арзан баада сатылып жатканы жана журтту башкарчу татыктуулар качан келет? деген саптары бар.
Белгилей кетсек, буга чейин Примбердиев шайлоо өнөктүгүндө катышып, талапкерлерди колдоп ырдап жүргөнүнө уялып жатканын билдирген.
«Шайлоо — шайтандын иши экен. Мен дагы буга чейин шайлоонун алдында концерттерде ырдап жүргөнүмө уялам жана кыргыз элинен кечирим сурайм. Эми шайлоонун шайтан оюндарына аралашпайм”,- деген ал.
Эскерте кетсек, 2017-жылы президенттик шайлоодо Кайрат Примбердиев учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун командасында болуп, үгүт иштеринде активдүү катышкан.