Сутка ичинде 71 медкызматкер коронавируска кабылды. Көбү Бишкекте

Окуялар тизмеги 04 Июл 2020 11:01
0 ой-пикир

Сутка ичинде өлкө боюнча 71 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 32, Чүй облусунда 19, Ош шаарында 4, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 2, Баткен облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 5 медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1065 учур катталды, алардын ичинен 490 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, — дейт Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-июлга карата коронавирус жуктурган 327 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 7094тү түзөт. Алардын ичинен 2714 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 78 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.