Кыргызстанда 3 миллион 407 миң 895 миң шайлоочу бар

Окуялар тизмеги 04 Июл 2020 12:07
0 ой-пикир

Шайлоо дайындалган күнгө карата Кыргызстанда 3 миллион 407 миң 895 миң шайлоочу бар.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу өлкөдө шайлоочулардын саны 624 миң адамга көбөйгөн.

Ошондой эле жарандар 16-июлдан тарта www.tizme.gov.kg порталынан тиешелүү шайлоо участокторунан өз тизмесин тактаса боло турганы айтылды. Эгер тизмеден өзүн таппай же добуш берчү шайлоо участогун өзгөрткүсү келген жарандар болсо, тиешелүү арыз менен шайлоо комиссиясына кайрылышы керек.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо жарыялангандан тарта башталып, 20-августка чейин уланат. Ал эми талапкерлерди каттоо шайлоого бир ай калганда же 4-сентябрда аякталары эскертелди.

Үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан 3-октябрга чейин жүрөт.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалды.

Кыргызстанда күндөн-күнгө коронавируска жана пневмонияга чалдыккандар көбөйүүдө. Социалдык түйүндөрдө эпидемия учурунда шайлоо өткөрүү туура эмес деген пикирлер айтылып жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.