ИИМ: Сузакта коронавирус илдетинин алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Окуялар тизмеги 04 Июл 2020 11:12
0 ой-пикир

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда коронавирус илдетинин алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта учурдагы кырдаалга байланыштуу милиция тарабынан бир топ түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

«Сузак РИИБи тарабынан түзүлгөн иш-мерчемдин негизинде жарандар көп топтолгон коомдук жайлар текшерүүгө алынды. Иш-чаранын жүрүшүндө эс алуучу жайларда, көчөлөрдө, соода борборлорунда жана базарларда беткапсыз жүргөндөргө эскертүүлөр берилди. Милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасына орнотулган үн чыгаруучу каржаттар аркылуу жарандарга санитардык нормаларды сактоо эрежелери жеткирилди. Коомдук транспорт жана такси айдоочуларына адам ташууда беткабы жокторду автоунаага чыгарбоо керектиги эскертилди. Айдоочулар өздөрү да жеке гигиенаны сактоо, медициналык каражаттарды колдонуу зарылдыгы белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарды жөнү жок көчөгө чыкпоого чакырышкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.